Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна курулчу имараттын эскизи жарыяланды

Буга чейин муниципалитет имаратты бузууга тендер жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна заманбап объект курулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна заманбап объект курулат

2 / 3

Муниципалитет долбоорлордун эскизин жарыялады

3 / 3

Бирок ал кайсы тармакка багытталып салынары айтылган эмес.

Муниципалитет долбоорлордун эскизин жарыялады. Бирок ал кайсы тармакка багытталып салынары айтылган эмес.
"Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган үч долбоор сунушталды. Ага ылайык, жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат жети кабаттуу болот. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.
Мэрия: Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имараты бузулуп, ордуна заманбап объект курулат