Ат-Башы: жайлоодон жоголуп кеткен кишинин сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мындан бир нече күн мурда Ат-Башы районундагы Жаңы-Жер жайлоосунда жоголуп кеткен 50 жаштагы кишинин сөөгү кечээ табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Бул окуядан кийин ӨКМдин куткаруучулары, ИИМдин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар аны издөөгө чыгышкан.
"Изделип жаткан кишинин сөөгү Таш-Тумшук тилкесиндеги суунун жээгинен табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", — деп айтылган билдирүүдө.
Талас: сууга агып кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды