Андрей Стенин атындагы конкурстун сайтында онлайн добуш берүү башталды

Добуш берүү Москва убактысы боюнча 31-июлда саат 23:59да аяктайт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Салтка айланган Андрей Стенин атындагы конкурска катышып жаткан мыкты сүрөттөрдү тандоо үчүн кыска тизмеге кирген эмгектерге онлайн добуш берүү башталды.
Бүгүн, 1-июлдан тарта, конкурстун сайтынын орус жана англис тилиндеги версиясында добуш берүү старт алды.
1 / 6

Салтка айланган Андрей Стенин атындагы конкурска катышып жаткан мыкты сүрөттөрдү тандоо үчүн кыска тизмеге кирген эмгектерге онлайн добуш берүү башталды

2 / 6

Салтка айланган Андрей Стенин атындагы конкурска катышып жаткан мыкты сүрөттөрдү тандоо үчүн кыска тизмеге кирген эмгектерге онлайн добуш берүү башталды

3 / 6

Интернет колдонуучулары өзүнө жаккан сүрөттү тандап баа бере алат

4 / 6

Бул үчүн социалдык тармактагы аккаунттун болушу талап кылынбайт

5 / 6

Добуш берүү Москва убактысы боюнча 31-июлда саат 23:59да аяктайт

6 / 6

Онлайн добуш берүүнүн жеңүүчүсү август айында аныкталып, авторуна конкурстун диплому ыйгарылат

Интернет колдонуучулары өзүнө жаккан сүрөттү тандап баа бере алат. Бул үчүн социалдык тармактагы аккаунттун болушу талап кылынбайт. Добуш берүү Москва убактысы боюнча 31-июлда саат 23:59да аяктайт.
Онлайн добуш берүүнүн жеңүүчүсү август айында аныкталып, авторуна конкурстун диплому ыйгарылат. Кыска тизмедеги номинанттар жана Гран-при ээси уюштуруу комитети тарабынан конкурстун сайтына жарыяланат.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, Telam маалымат агенттиги, ANA жаңылыктар сайты, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет порталы, The Paper интернет порталы, Al Mayadeen медиатармагы, этикалык сүрөттөр фестивалы.
Ок жааган согушту чагылдырып… Андрей Стениндин эстен кеткис сүрөттөрү