Акжол Махмудов УОКтун Спортчулар комиссиясынын төрагасы болуп шайланды

УОКтун алдында жаңы орган катары үстүбүздөгү жылдын май айында Спортчулар комиссиясы түзүлүп, анын курамына беш спортчу кирген.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин Спортчулар комиссиясынын төрагалыгына Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов шайланды. Бул тууралуу спорттук мекеменин маалымат кызматы билдирди.
УОКтун алдында жаңы орган катары үстүбүздөгү жылдын май айында Спортчулар комиссиясы түзүлүп, анын курамына беш спортчу кирген. Ал жергиликтүү жана эл аралык спорт федерациялары менен байланышты бекемдейт.
Бүгүн Кыргызстан УОКунун кеңсесинде комиссиянын биринчи отуруму болуп, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары шайланды. Аны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов жетектесе, ок атуу боюнча спортчу Каныкей Кубанычбекова орун басар болду.
1 / 4

Каныкей Кубанычбекова

2 / 4

Максим Гордеев

3 / 4

Денис Петрашов

4 / 4

Нурсултан Кеңешбеков

Комиссиянын курамына лыжачы Максим Гордеев, сууда сүзүүчү Денис Петрашов жана спортчу Нурсултан Кеңешбеков да кирди.
Комиссиянын эки мүчөсү УОКтун жалпы чогулуштарына добуш берүү укугу менен катышат, бирөө аткаруу комитетине кирет.
Кыргызстандык 15 спортчу ЭОКтон стипендия алмай болду. Тизме