БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президенттик администрация Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн кечки тамак уюштурууга каражат кайдан алынганын билдирди.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эл өкүлдөрүн борбор калаадагы ресторандардын бирине чайга чакырган.
Президенттик администрация бул сыяктуу иш-чаралар көптөн бери калыптанып калган салттуу көрүнүш экенин айтты.
“Мындай бейформал жолугушуулардын максаты – аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы түз диалогду түзүү. Кечки тамак бюджеттен тышкаркы каражаттан төлөнгөнүнө өзгөчө көңүл бурабыз”, — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле ага республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөгөнү жана мындан ары да бөлүнбөй турганы белгиленди.