Жалал-Абад: тез татымдан 35 адам ууланып, аталган жай жабылды

Учурда 35 кишинин 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында 35 адам ууланган "Ага-ини" тез татым жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат катчысы Кабылбек Көчкөнбай уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында тамак-аштан массалык уулануу катталган. Алардын баары 27-июнь күнү шаардагы "Ага-ини" тез татым жайынан тамактанган. Учурда 35 кишинин 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жатат.
"Аталган окуядан кийин Жалал-Абаддагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча район аралык борбор тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7,5 миң сом айып салынды", — деп билдирген Көчкөнбай уулу.
Аталган окуяга байланыштуу бүгүн, 30-июнда, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен жыйын өткөргөн.
Анда күн кескин ысып жаткандыктан шаардагы тез татым жайларын, бат бузулуучу эт, сүт азыктарын, жер жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.
Дарыгерлер ооруканада жаткан бейтаптардын бардыгынын абалы туруктуу экенин билдиришти.
Оштун мэри "Манас ата" кафесинин иши боюнча кызматкерлерге каарын төктү. Видео