Доллар менен дизель кымбаттады. Бишкектеги 1-июлга карата кырдаал

Sputnik Кыргызстан валютанын курсу, бензин жана дизель майынын баасын мезгил-мезгили менен салыштырып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө доллардын курсу өсүп, алтындын наркы өзгөрүүсүз калды.
Бейшембиге салыштырмалуу доллардын орточо курсу 25 тыйынга көтөрүлдү. Ал эми Европа акчасы 22 тыйынга түштү. Рубль менен теңгенин курсу болор-болбос өзгөрдү.
Күйүүчү майдын баасы мурдагысындай турат. Бир гана "Роснефтиде" дизель майы 30 тыйынга жогорулаганы белгилүү болду.
Алтын куймалардын баасында деле, 100 граммдыктарын (алардын наркы 197 сомго арзандаган) эске албаганда өзгөрүү байкалган жок.
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы