Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада теги кыргызстандык дагы бир жоокер курман болду

Элчилик анын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Украинадагы атайын операция учурунда Кыргызстанда туулган Россиянын жараны Адилет Алиев каза болду. Бул тууралуу РФтин элчилиги кабарлады.
"РФтин келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокери Адилет Алиев улутчулдар менен салгылашууда баатырларча курман болду", — деп айтылат маалыматта.
Элчилик анын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция учурунда буга чейин теги кыргызстандык Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифулин, Исламжон Камилов, Сыргакбек Өзүбеков каза таап, сөөгү мекенинде жерге берилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ чалгын кызматынын башчысы: Россия менен Украина азыр кепке келбейт