Садыр Жапаров Кыргызстанда канча бай адам бар экенин айтты

Мамлекет башчынын айтымында, Кыргызстандын байлары башка мамлекеттерге барып завод, фабрикаларды куруп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 200дөн ашуун бай адам жашай турганын билдирди.
"Бийлик байлардын, мурда ичип-жеген чиновниктердин акчаларын адалдаштырып берип атасыңар" деп сындагандар болду. Ооба, биздин өлкөдө 200дөн ашык бай бар. Башкалар сыяктуу эле миллионерлер, миллиардерлер бар. Бирок алар акчаларын чет өлкөдө кармап жатышат. Башка мамлекетке барып завод, фабрикаларды курушкан", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, парламентте жарандар чогулткан байлыгын ачык көрсөтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратууда. Каршы чыккан депутаттар демилгени коррупционерлерди актоо аракети катары сыпаттап жатат.
Садыр Жапаров депутаттарды саясий упай топтоо үчүн интрига жаратпоого чакырды