Россия ЕАЭБ менен ЖККУнун алкагында кызматташууну кеңейтет

Лавров Россия менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Минскиге иш сапары менен барды. Ал өлкө президенти Александр Лукашенко менен жолугуп, союздаш өлкөлөр арасында кызматташтыкты илгерилетүү боюнча сүйлөштү.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россия Батыштын “чабуулуна” адекваттуу жооп катары жакын союздаштары менен кызматташууну кеңейтүү керек. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
“Батыштын “чабуулуна” адекваттуу жооп катары эң жакын союздаштарыбыз жана пикирлештерибиз менен ынтымагыбызды бекемдейбиз. Мисалы, ошол эле ЖККУ, Евразиялык экономикалык биримдик, КМШ алкагындагы кызматташуулар күч алат”, — деди ал.
Эске салсак, Лавров Россия менен Беларустун ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Минскиге иш сапары менен барды. Бүгүн эртең менен ал өлкө президенти Александр Лукашенко менен жолуккан. Ал жолугушууда дагы союздаш өлкөлөр арасында кызматташтыкты илгерилетүү боюнча сөз болгон.
Пресс-борбор
ЕЭК биримдиктин өлкөлөрү үчүн келечектүү рынокту атады