Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин НАТОнун кеңейиши, атайын операция жана G7 саммити боюнча пикирин айтты

Россия лидери Каспий саммити аяктаган соң журналисттердин суроосуна жооп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Каспий саммитинен кийин Украинадагы кырдаал, НАТОнун кеңейиши жана Батыш лидерлеринин G7 жыйынындагы билдирүүлөрү боюнча оюн айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Каспий саммитинин жыйынтыгы жөнүндө

Путин Каспий саммитине катышуучу өлкөлөрдүн лидерлери убактысынын 90 пайызын аймактагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөргө арнашканын айтты.
"Биз артыкчылыктуу багыттарды тандап, өз ара компетенцияларды бөлүштүрөбүз деп макулдаштык. Негизги багыттар болгон өнөр жай жана жогорку технологиялар жаатында кызматташабыз", — деди президент.

НАТОнун кеңейиши жөнүндө

Президент Россиянын Швеция жана Финляндия менен "Украинадагыдай көйгөйү" жок экенине токтолду.
"Швеция жана Финляндия менен эч кандай көйгөй жок, тилекке каршы, Украина менен чечилбеген маселебиз бар. Финляндиянын же Швециянын НАТОго мүчө болушу бизди тынчсыздандырбайт. Бирок мен эскертип коюшум керек. Алар НАТОго киргенде чек арасында аскер контингентин жана инфраструктурасын бекемдешет. Биз дагы дал өзүндөй жооп беребиз", — деди Путин.
Ошондой эле ал "Россия Түндүк атлантикалык альянстын аскерлерин өз чек арасынан алыстатам деп, тескерисинче, Стокгольм жана Хельсинки тараптан жакындатып алганын сезбей калды" деген комментарийлер чындыкка туура келбесин кошумчалады.
"Биз үчүн Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгү менен Украинанын уюмга киришинин айырмасы асман менен жердей. Батыш муну абдан жакшы түшүнөт", — деди Путин.

Батыштын Россияга каршы аракеттери жөнүндө

Мамлекет башчысы Батыштын көп жылдан бери РФке каршы активдүү аракеттерге даярданып жатканы Москва үчүн көнүмүш болуп калганын айтты.
"2014-жылдан бери бизге каршы даярданып жатканы биз үчүн жаңылык эмес. Жеке кызыкчылыктарыбызды коргоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барганыбыздын негизги себеби ушул", — деди президент.
Путин Жонсондун аялдар жана атайын операция боюнча айтканына жооп берди

Россиянын атайын операциясы жөнүндө

"Атайын операциянын максаты өзгөрдүбү?" деген суроого президент эч нерсе өзгөргөн жок деп жооп берди.
"Мен 24-февраль күнү таң эрте бүт өлкөгө, бүткүл дүйнөгө ачык бирдирүү тараткам. Буга кошумчалай турган эч нерсем жок", — деди Путин.
Ошол эле учурда Россия лидери эми тактика башкача болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
"Түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Россиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү. Ал эми Батыштын согуштук аракеттерди улантууга чакырыктары Украинанын жыргалчылыгы үчүн эмес, бул алардын өз кызыкчылыгын коргоосу", — деди Россия лидери.
Мамлекет башчысы атайын операция кандай темпте жүрүп жатканына да токтолду.
"Биз план боюнча иштеп жатабыз, аскерлер жылып, тапшырма катары коюлган чектерге жетүүдө. Операциянын мөөнөтү тууралуу сөз кылуунун кереги жок. Бул же тигил учурда бүтөт деп айтуу туура эмес. Бардыгын турмуш көрсөтөт", — деп түшүндүрдү Путин.

Жонсондун сыны жөнүндө

Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "Путин аял болгондо Россия Украинада атайын операцияны баштабайт эле" деген оюн айткан.
Президент анын айткандарына макул эместигин билдирди.
"Буга байланыштуу жаңы тарыхтагы окуяны эске салгым келди. Маргарет Тэтчер Фолкленд аралдары үчүн Аргентинага каршы согуш ачуу чечимин кабыл алган. Согуш тууралуу бул чечимди аял кабыл алган, мындай алып карасак, Британия кайда да, ал аралдар кайда жатат. Бул өзүнүн империялык статусун бекемдегиси келген империялык дымак менен байланышкан. Андыктан Улуу Британиянын азыркы премьер-министринин бүгүн болуп жаткан нерселер боюнча айтканы өтө эле орунсуз, орой болуп калды деп ойлойм", — деген Путин.
Сөзүнүн соңунда ал атайын операциянын баатырлары тууралуу ырлар жазылып, фильмдер тартылышы керектигин айтты.
НАТОнун лидерлери альянстын жаңы стратегиялык концепциясын бекитти