БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин азык-түлүк рыногундагы дисбаланс Батыш өлкөлөрүнүн көзөмөлсүз экономикалык саясатынын түздөн-түз кесепети экенин айтты. Бул тууралуу ал Индонезиянын президенти Жоко Видодо менен сүйлөшкөн соң айтканын РИА Новости кабарлады.
Путин менен Видодо бүгүн Кремлде жолукту.
"Албетте, биз бүгүн бүткүл дүйнөнү, бардык мамлекеттерди кызыктырган маселелерди талкууладык. Мен дүйнөлүк рынокту азык-түлүк, башка айыл чарба продукциялары, анын ичинде минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууну айтып жатам. Азык-түлүк рыногундагы дисбаланс бир катар өлкөлөрдүн көп жылдык жоопкерчиликсиз экономикалык саясатынын түздөн-түз кесепети экенин бир нече жолу баса белгилегенбиз. Пандемия башталгандан бери кырдаал начарлап кетти”, — деди Путин.
Анын айтымында, Батыш өлкөлөрү өздөрүнүн экономикалык курсунун жаңылыш экенин моюнга алгысы келбей, Россия жана Беларусь жер семирткичтерин жеткирүүгө чектөө киргизүү менен дүйнөлүк айыл чарба өндүрүшүн дагы дестабилдештирүүдө. Ошентип, алар россиялык эгинди дүйнөлүк рынокко чыгарууну кыйындатып, аны ташыган кемелерди камсыздандырууну жана соода келишимдери боюнча банктык төлөмдөрдү жүргүзүүнү татаалдаштырууда.