Радио

Рахатова: дүйнөлүк бокста калыстык кылган кыздардын саны өсүп жатат

Эл аралык деңгээлдеги бокс калысы Назира Рахатова Олимпиада оюндарында калыстык кылып, кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошкусу келгендигин айтты.
Sputnik
Спортчу катары эл аралык мелдештерде ийгилик жарата албай, бокс калысы болууну чечкем. Бул тууралуу Назира Рахатова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бокс боюнча кыздар арасындагы мелдештерде коопсуздукка абдан көңүл бурулгандыктан жаракат алуу мүмкүндүгү төмөн.
"Атам спортко жакын болгондуктан мени 14 жашымда кармашып урушуу спортуна алып келген. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук университетине тапшырып, окуу жайдагы бокс секциясына бара баштагам. Башында өзүмдү коргоо, ден соолукту чыңдоо максатында катышкам. Кыздар арасындагы бокс Олимпиада оюндарынын программасына кирип, күчүмдү сынап көрүүнү чечкем. Кыргызстандын чемпионатында биринчи орунду алып, Азия, дүйнө биринчиликтеринде өлкө атынан рингге чыккам. Спортчу катары эл аралык мелдештерде ийгилик жарата албай калып, бокс калысы болууну чечкем. Учурда Эл аралык бокс ассоциациясынын эки жылдыз даражасындагы калысы макамына ээ болуп, континенталдык мелдештерде рефери кызматын кылып келем. Эми дагы кийинки деңгээлге көтөрүлүп, Олимпиада оюндарында калыстык кылып, кыргыз спортунун өнүгүшүнө салым кошкум келет", — деди Рахатова.
Ошондой эле адис дүйнөлүк бокста калыстык кылган кыздардын саны өсүп, профессионалдык жактан өнүгүүгө бардык шарттар каралганын кошумчалады.