Өкмөт россиялык банктан 500 млн. доллар кредит алат. Акча кайда жумшалат

Өкмөт башчы кайсы банктан кандай шартта алып жатканын так айткан жок.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстан россиялык банктан 500 миллион доллар кредит алат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, бул сумма жер семирткич, үрөн жана битум алууга жумшалат.
"Айыл чарба министри бир гана жерден жаза басты. Россия жер семирткич бербей коёт деп дүрбөлөң түшүп атып Өзбекстандан 20 тонна алууга келишим түзгөн. Бирок беш тоннасын алып киргенде баасы өйдөрөөк болуп калды. Анан калганын албай койдук. Азыр Россиянын бир чоң банкынан 500 миллион доллар бюджеттик кредит алып жатабыз. Ошого кышында керектүүнүн баарын сатып алабыз", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы ушундай жол менен айдоо иштерине кышында даярдык көрүп, жазында ирети менен баштоону пландап жатышканын кошумчалады.
Акылбек Жапаров карыз төлөнбөсө Кытай алып коё турган үч объектини атады