РИА Новостинин журналисттери Лисичанск шаарындагы россиялык аскерлер бошоткон нефтини кайра иштетүүчү заводдун аймагында биринчилерден болуп репортаж жасашты.
Агенттиктин журналисттери заводду камалоо башталганда кошо жүрүп, андагы кадрларды алгачкылардан болуп беришти.
Буга чейин аскерлердин арасындагы маалымат булагы россиялык күчтөрдүн "О" ("Отважные") тобу Лисичанскидеги украиналык аскерлер тобун "көлөмдүү жер" менен байланыштырып турган соңку ири жолду бууганын айткан эле.
"Кыска убакытта заводду камалап, кысып, Лисичанскиге кеткен жолду жабабыз. Ал эми жакында шаардын өзүн алабыз", — деген ал агенттикке.
Кечээ РФтин Коргоо министрлигинен Куралдуу күчтөр Лисичанскидеги нефтини кайра иштетүүчү заводдогу украин аскерлеринин батальонун талкалагандыгын кабарлаган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
Тема боюнча: