Кыргызстан кооптуу сейсмикалык аймакта жайгашкандыктан турак жай курулушунун сапатына көңүл буруу керек. Бул тууралуу Улугбек Бегалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеке курулуш компанияларынын көбөйүшү көзөмөлдүн азайышына алып келип, коопсуздук жагынан талаптарга жооп бербей калды.
"Кыргызстан дүйнөдөгү эң кооптуу сейсмикалык аймакта жайгашкан. Өлкөдө 100дөн ашык активдүү жердин жаракалары бар. Сейсмологдордун берген маалыматтарын алып, мурунку жер титирөөлөргө анализ жасалып келет. Демек, биз турак жай курууда сапатына абдан көңүл бурушубуз зарыл. Курулуштун сапатын жакшыртуу үчүн көзөмөлдү жөнгө салуу керек. Мурункудай атайын инспекция бардык нормаларды толук кандуу текшербейт. Анткени көп компаниялар менчик болгондуктан катуу көзөмөл жүргүзүү татаалыраак болуп жатат. Мамкызматта иштеген адистердин кесипкөйлүгүн жана айлыгын жогорулатуу керек. Болбосо алар жеке компанияларга көз каранды болуп жатат", — деди Бегалиев.
Ошондой эле адис 4-9-июлда Ысык-Көлдө жана Бишкекте жер титирөөгө туруштук бере алган курулуш боюнча III эл аралык илимий-практикалык конференция өтөрүн кошумчалады.