Бишкектен аэропортко ыңгайлуу микроавтобустар каттай баштады. Маршруту

Экспресс-каттам үчүн жол кире — 150 сом.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектен "Манас" аэропортуна жана ал жактан кайра шаарга ыңгайлуу экспресс-микроавтобустар менен жетип алса болот. Бул тууралуу "Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү жана колдоо фонду" ААКсы билдирди.
Учурда 12 микроавтобус каттамга чыкты. Алар шаарга күнү-түнү жарым саат сайын каттайт. Жол акысы — 150 сом.
Микроавтобустун каттамы:
Tommy Mall (Түштүк магистраль, Jannat отелинин жаны) соода борбору;
Юнусалиев менен Сүйөркуловдун кесилишиндеги аялдама ("Орто-Сай" базары);
Байтик баатыр менен Ахунбаевдин (Медакадемия) кесилишиндеги аялдама;
Байтик баатыр менен Горькийдин (ТЦ Vefa) кесилишиндеги аялдама;
Чүй менен Тыныстановдун ("Ала-Тоо" кинотеатры) кесилишиндеги аялдама;
Чүй менен Манастын (Филармония) кесилишиндеги аялдама;
Фучик менен Рыскуловдун (шлагбаум) кесилишиндеги аялдама;
"Манас" аэропортунан кайра шаарга кайтып келет.
Акаев: эки аэропортту эч бир конкурсу жок белгисиз компанияга берип жатышат