Инфекционист кене чагып алса эмне кылуу керектигин айтып берди

Дарыгер чаккан кенени лабораторияга изилдөөгө алып барып, кайсы ооруларды жуктурушу мүмкүндүгүн аныктоо керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Поздняков кене чагып алса кандай аракеттерди көрүү керек экенин айтып бергенин РИА Новости жазды.
Анын билдиришинче, кенени лабораторияга изилдөөгө алып барып, кайсы ооруларды жуктурушу мүмкүндүгүн аныктоо зарыл.
"Кене чаккандан кийин изилдөө жүргүзүү керек. Өлүп калганын деле лабораторияга алып барышат. Башы менен дененин үчтөн эки бөлүгү керек. Шилекей бездеринен кене энцефалитинин вирусу табылат. Ашказанынан боррелий инфекциясын аныкташат. Кенени изилдөөгө бир сутканын ичинде, эң кеч дегенде үч суткада алып барган оң", — деген адис.
Дарыгер кене энцефалитин дарылоо мүмкүнчүлүгү аз экенин, боррелиоз жана башка оорулардан айыгып кетсе болорун белгиледи. Кене чаккандан кийин тезинен медициналык жардам алуу керек экенин кошумчалады.
Радио
Рыскулбекова: быйыл беш айда менингит менен жабыркаган 15 бейтап катталды