БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Индия менен Кытай G7 уюмунун Россия мунайынын баасын чектөө планын ишке ашырууга өз кемелерин берүү менен тоскоол болушу мүмкүн. Бул тууралуу Financial Times басылмасындагы макалада айтылат.
Редакция маектешкен талдоочулардын айтымында, бул эки өлкөнүн өз кемелерин Москвага колдонууга бериши G7 мамлекеттеринин же Евробиримдиктин кандайдыр бир чектөө чараларын айланып өтүүгө мүмкүндүк жаратат.
"Эгерде Россиянын мунайын ташууга дүйнөлүк танкердик флоттун көпчүлүгүнө тыюу салынса, Индия менен Кытай өз кемелери менен сооданы улантууну көздөп жатышат", — деп айтылат макалада.
Евробиримдиктин өкүлү Хелима Крофт G7 өлкөлөрүнүн идеясынын келечегинен күмөн санады. Анткени Россиянын мунай кирешесин кыскартуу үчүн бааны төмөн коюу мүмкүн эмес экени айтылды.
Батыш өлкөлөрү Россиянын мунай жана газ экспортунан түшкөн кирешесин чектөө боюнча түрдүү чараларды талкуулоону улантууда. Буга чейин мунайга эмбарго киргизүү жолу, анын ичинде бүткүл Евробиримдик тарабынан деңиз аркылуу ташууга чектөө коюу жакшы жыйынтык берген жок.
Экспортту кайра багыттоо, жеткирүүнүн альтернативалуу схемалары жана мунай баасынын арзандашы деле Россияга бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, 28-июнда G7 өлкөлөрү чийки зат макулдашылган баада сатылбаса Россиянын мунай жана мунай продуктуларын дүйнө жүзү боюнча деңиз аркылуу ташуу кызматына толук тыюу салууга макул болушту. Ошол эле учурда G7 эң аялуу өлкөлөр үчүн мындай чектөөлөрдүн кесепетин жумшартуучу механизмдерди карап жатканын айтты.