Эрдоган: Швеция менен Финляндия НАТОго кирүү үчүн убадасын аткарышы керек

Түрк лидери өлкөгө берилген кепилдиктердин жана милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөй турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөнүн парламенти Швеция менен Финляндиянын өз милдеттенмелерин аткара албаса, НАТОго кирүү өтүнүчтөрүн жактырбай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Уюмга кошулуу узак процесс, бизге берилген кепилдиктердин жана милдеттенмелердин аткарылышын көзөмөлдөйбүз. Аткарылбай калган учурда биз ратификациялоо сунушун парламентке жөнөтпөйбүз”, — деди Эрдоган НАТОнун Мадриддеги саммитинен кийинки маалымат жыйынында.
Май айында Финляндия менен Швеция Россиянын Украинадагы атайын операциясынын фонунда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергге альянска кирүү өтүнүчүн тапшырышкан. Түркия аларды кароо жараянына тоскоол болгон, бирок ушул жуманын башында Хельсинки, Стокгольм жана Анкара коопсуздук меморандумуна кол коюшкан. Анда Түркиянын бардык кооптонуусу эске алынган. Түркия өз кезегинде Скандинавиядагы эки өлкөнүн НАТОго киришине каршы пикирин кайтарып алды.
НАТОнун лидерлери альянстын жаңы стратегиялык концепциясын бекитти