Эрдоган Борис Жонсонду ыңгайсыз абалга калтырды. Видео

Түрк президенти Борис Жонсонду кечээ дагы тамашалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Мадриддеги НАТО саммитинде Британиянын премьер-министри Борис Жонсонду күтүүсүз жерден ийнинен кармап, ыңгайсыз абалга калтырды.
Кадрларда көрүнүп тургандай, отурган Жонсондун ийнине Эрдоган күтүүсүздөн колун коюп, Британ өкмөт башчысын чочуткан. Жонсон ордунан ыргып туруп "Менин урматтуу досум, кандайсың?" деп үн катты. Андан соң кол алышып, Эрдоган күлгөн бойдон ордуна отурду.
Баса, кечээ түрк президенти дагы бир ирет Жонсон менен тамашалашып, “НАТОнун башчыларын уят кылып жатасың” деп айткан. Анда Жонсон юморду түшүнбөй калгандай түр көрсөткөн. Бирок АКШ президенти Жо Байден “бул тамаша, Борис” деп абалды жайгарып кеткен.
Байден өзүн кантип алып жүрүү боюнча жазылган кагазды капысынан элге көрсөтүп алды