БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Бишкектен Балыкчыга поезд жумасына үч жолу — жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттай турганын эске салды.
Бул күндөрү поезд "Бишкек-2" станциясынан саат 7:40та жөнөп, "Балыкчы" станциясына саат 11:42де жетип барат. Ошол эле күнү саат 17:48де артка кайтып, борбор калаага 21:50дө келет.
"Кыргыз темир жолу" 17-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттай турганын белгиледи.
Билет баасы чоңдорго 150, ал эми балдарга 73 сом. Аны Эркиндик проспекти, 1 дарегинде жайгашкан "Бишкек-2" станциясынан сатып алууга болот.
Маалымат алуу үчүн телефондор: 0 (312) 92-68-40, 30-06-18.