Пресс-борбор

Милиция эле эмес. Аял, балдарды кордогондор менен дагы ким күрөшүшү керек

Эксперттин айтымында, Кыргызстан коомунда балдар, аялдарга ыдык көрсөткөндөр боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү жоопкерчилиги милицияга гана жүктөлгөн деген түшүнүк бар. Бирок бул багытта 17 субъект иш алып барышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Балдарга, аялдарга зомбулук көрсөтүүнү алдын алуу боюнча милиция гана эмес, жергиликтүү жана мамлекеттик бир топ органдар иш алып барууга милдеттүү. Бул туурасында Кризистик борборлор ассоциациясынын эксперти Гүлбарчын Жумабаева билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Ички иштер министрлиги балдарга каршы кылмыштар жана суудагы кырсыктар тууралуу" аталышындагы брифингге катышкан.
"Биздин коомдо балдарга ыдык көрсөтпөөнүн, аялдардын үй-бүлөдө зомбулукка кабылбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүү жоопкерчилиги милицияга гана жүктөлгөндөй түшүнүк бар. Жок, андай эмес! "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" мыйзамында бул боюнча 17 субъектинин иш алып барышы каралган", — деп айтып берген Жумабаева.
Анын билдиргенине караганда, жергиликтүү деңгээлде: айыл өкмөтү жана социалдык кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, кварталдык комитеттер, аксакалдар соту, аялдар комитети, социалдык педагогдор, участкалык дарыгерлер. Алардын баары үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча жергиликтүү комитеттердин алкагында иш алып барышы керек.
"Мындай комитеттер түзүлгөн, алардын кандай иштээри башка кеп", — деп кошумчалады Жумабаева.
Мыйзамдын өзүндө аны төмөнкүлөр ишке ашыра турганы белгиленген.
өкмөт;
өкмөт тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъектилердин ишин координациялаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
сот;
прокуратура;
ички иштер органдары;
социалдык жактан өнүктүрүү органдары;
саламаттык сактоо органдары;
билим берүү органдары;
юстиция органдары;
балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган;
омбудсмен:
адвокатура;
мамлекеттик жергиликтүү администрациялар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
аксакалдар соту;
ЖМК;
өзүнүн компетенциясында иш алып барган башка уюмдар.
ИИМ: балдардын көбү кылмыш кылса жазаланарын билбейт