БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Жогорку Кеңештин депутаттарын чайга чакырды.
Ал эл өкүлдөрү биринчи сессиясын жыйынтыктап жатканына байланыштуу сый тамак уюштурарын белгиледи.
"Төрага Талант Турдумаматович менен акылдаштык эле. Капа этпесеңиздер стол үстүндө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп, сиздерге жакшы каникул өткөрүп келүүнү каалап, шайлоочулар менен жолугушууда бизге тапшырмаларды ала келиңиздер деп жөнөтүп коюуга уруксат этиңиздер", — деди Жапаров.
Өкмөт башчы депутаттарды бүгүн, 30-июнда, кечки саат 20:00дө күтөрүн айтты.
Ишенимдүү маалымат булактар Жапаров чайды борбор калаадагы "Дасмия" ресторанынын "Айкөл-Ордо" залында бере турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйындарын жыйынтыктап эс алууга кетет. Кийинки сессия 1-сентябрда ачылат.