Жети-Өгүздө 14 жана 19 жаштагы эки бала сууга чөгүп көз жумду. Сүрөт

Балдардын сөөгүн куткаруучулар бүгүн кечки алтыдан өтүп табышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө 14 жана 19 жаштагы эки бала сууга чөгүп каза болгонун ӨКМ кабарлады.
1 / 3

Ысык-Көлдө 14 жана 19 жаштагы эки бала сууга чөгүп каза болгонун ӨКМ кабарлады

2 / 3

Ага ылайык, Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө балдар чөгүп кетти деген маалымат түшкөн

3 / 3

Жалпысынан жети куткаруучу тартылган. Алар балдардын сөөгүн саат 18:20лар чамасында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен.

Ага ылайык, Жети-Өгүз районунун аймагындагы Липенка айылынын тушунда көлгө балдар чөгүп кетти деген маалымат түшкөн.
Жалпысынан жети куткаруучу тартылган. Алар балдардын сөөгүн саат 18:20лар чамасында таап, ИИМ кызматкерлерине жана туугандарына өткөрүп беришкен.
Каза болгон эки бала Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургундары экени айтылды.
Ысык-Көл: кечээ пансионатта 15 жаштагы бала сууга чөгүп кетти