Аталыштар эскирди. БШК депутаты Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүүнү сунуштады

Шаардык кеңештин депутаты райондордун атын өзгөртүүдө улуттук идеологияны эске алуу зарылдыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңешине "Социал-демократтар" партиясынан депутат болуп келген Таалайбек Усубалиев жыйында борбор шаардагы төрт райондун атын өзгөртүүнү сунуштады.
Анын айтымына караганда, "аталыштар моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарып бүттү". Депутат бул маселе бир нече ирет көтөрүлүп жаткандыгын, бирок аны карап, өзгөртүүгө сарпталчу каражаттан улам кийинкиге жылдырылып келгенин белгиледи.
Усубалиев улуттук идеологияны эске алуу зарылдыгын айткан.
Сунушталган аталыштар:
Биринчи май районун — Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов деп атоо;
Свердлов району — Манас же Чыңгыз Айтматов;
Октябрь району — Сүймөнкул Чокморова же Байтик баатыр;
Ленин району — Абсамат Масалиев же Исхак Раззаков.
Депутат Рысбай Ааматов 2018-жылы Жогорку Кеңеш Биринчи май районун Айтматов, Свердлов районун Усубалиев деп атоо чечимин кабыл алгандыгын айтты.
"Ушуну эске сала кетейин дедим эле. Ал эми эки район боюнча маселе ачык бойдон турат", — деген Ааматов.
Райондордун атын өзгөртүү маселесин кароону депутаттар күзгө калтырышты.
Бийлик Таластагы райондун, айрым айылдардын аталышын өзгөртүүнү сунуштады