Сокулукта өрт чыгып, 16 жаштагы бала каза тапты

Өрт учурунда 71 жаштагы аял дагы түтүнгө ууланган. Ал ошол заман ооруканага жеткирилип, аман калды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Сокулук айылында барак тибиндеги үйдөн өрт чыгып, 16 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлады.
1 / 2

Сокулук районунун Сокулук айылында барак тибиндеги үйдөн өрт чыгып, 16 жаштагы бала каза болду

2 / 2

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя Мир көчөсүндө жайгашкан турак жайда болгон

Маалыматка караганда, каргашалуу окуя Мир көчөсүндө жайгашкан турак жайда болгон.
"Эки кожоюнга тиешелүү жалпы аянты 170 чарчы метрлик үйдүн кире бериши өрттөнгөн. Жыйынтыгында түтүнгө ууланып 16 жаштагы бала көз жумган", — деп айтылат билдирүүдө.
Андан тышкары, 71 жаштагы аял дагы түтүнгө ууланган. Ал ошол заман ооруканага жеткирилген. Учурда абалы туруктуу деп бааланууда.
Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду