Радио

Батракеева: ЖРТ боюнча кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгы 4-июлда чыгат

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева 2022-жылы абитуриенттердин топтогон баллынын орточо көрсөткүчү 119,8 упайды түзгөнүн айтты.
Sputnik
2022-жылы 50 020 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөдөн өттү. Андан кийин 24-25-июнда жүйөлүү себептер менен тестке катыша албай калгандар үчүн уюштурулган кошумча тестирлөөгө 1 031 адам катышты. Бул тууралуу Чынара Батракеева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылы ЖРТдан 57 бүтүрүүчү жогорку балл топтой алды.
"Быйыл өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө 24-майдан 28-майга чейин өткөн. Айрым мектеп жана колледждин бүтүрүүчүлөрү белгилүү бир себептер менен ага катыша албай калгандыктан, тестирлөө кошумча 24-25-июнда да уюштурулду. Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкандар анын жыйынтыгы боюнча сертификатты (анын ичинде кошумча этапка катышкандар дагы) 27-июндан 4-июлга чейин алышат. Учурда 1-2-этапта тест тапшыргандар сертификаттарын колдоруна ала баштады. Ал эми 24-25-июнда өткөн кошумча тестирлөөнүн жыйынтыгы 4-июлда чыгат. 2021-жылы абитуриенттердин топтогон баллынын орточо көрсөткүчү 120,5 деп белгиленсе, бул жылы орточо балл 119,8 упайды түздү. Салыштырмалуу туруктуу жыйынтык алдык десек болот", — деди Батракеева.
Ал testing.kg сайтына жайгаштырылган ЖРТнын жылдык отчётторуна кирип, кайсы жогорку окуу жайга, кайсы адистикке канча абитуриент тапшырганы жана алардын орточо баллы тууралуу маалымат алса болорун кошумчалады.