Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Антонов: Россияга каршы санкциялардан АКШлык ишкерлер жапа чегип жатат

Элчинин айтымында, рынок АКШ бийлигинин күтүүсүз аракеттерин көрүп дүрбөлөңгө түшүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн Россия менен экономикалык алакасын үзүшү дүйнөлүк кризисти ого бетер күчөттү. Бул тууралуу Москванын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антоновго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"АКШ жана анын союздаштарынын Россия менен экономикалык байланышты үзүшү абалды ого бетер начарлатты. Буга ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, транспорттук-логистикалык чынжырлардын бузулушу, инвестиция агымынын басаңдашы жана калктын реалдуу кирешесинин төмөндөшү далил", — деди Антонов.
Ошондой эле Антонов бүгүн Вашингтондун өзү Россияга каршы тыюу салуулардан жапа чегип жатканына көңүл бурду.
"Рынок АКШ бийлигинин күтүүсүз аракеттерин көрүп дүрбөлөңгө түшүүдө. Россиялык өнөр жай дүйнөлүк экономикада олуттуу роль ойнойт. Башка нерселер менен катар алтын жана өнөр жай экспортуна киргизилген чектөөлөр дүйнөдөгү бардык экономикаларда калыптанып калган эрежелерди бузду", — деди элчи.
Донбассты бошотуу боюнча Россиянын атайын операциясы башталгандан кийин Батыш Москвага каршы санкциялык кысымын күчөткөн. Кремль болуп жаткан окуяларды экономикалык согуш деп баалап жатат. Ал эми президент Владимир Путин АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу экенин айтып келет.
ЖМК: Украина бийлиги Россияга каршы санкциялар натыйжасыз экенин моюндады