Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия БУУ жыйынында Украинадагы атайын операция кандай шартта аяктарын айтты

Туруктуу өкүлдүн орун басары башкы максат кооптуулукту четтетүү болгонун эске салды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Украинадагы атайын операция коюлган максаттар аткарылмайын улана берет. Бул тууралуу Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орун басары Дмитрий Полянский уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды.
"Биз атайын операцияны Украинанын, Батыштын шыкагы менен антироссиялык өлкөгө айланган тараптын Донбассты аткылоосун токтотуу максатында баштадык. Андан сырткары, улутчул жетекчиликтен Россияга, аны менен катар эле Украинанын түштүгү, түштүк-чыгышында жашаган элге кооптуулук жаралбашы үчүн да жасалды. Көздөгөн бул нерселерибизге жетмейин биздин операция улана бермекчи", — деген Полянский.
Ал, мындан сырткары, Украина жетекчилигинин кадамдары эл аралык абройлуу уюмду тажата баштагандыгын белгилеген. Украина президенти Владимир Зеленскийдин театрлык ыкмалары аталган кеңеште "дискуссиянын градусун" жогорулата албагандыгына токтолгон.
Мындай маанайдагы макаланы Forbes да жарыялаган. Анда Батыш коомчулугу тарабынан Украинага каржылык колдоо көрсөтүү төрт айда "иренжүү" деңгээлине чейин түшүп кеткени айтылган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын максат Донбассты бошотуу экендигин айткан эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Польша премьер-министри: Россия атайын операцияда күчүн толук колдонгон жок