Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды

Республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЦР-лаборатория куруу пландалууда. Учурда алты лабораториянын курулушу аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ноокат районунун Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда вирусологиялык лаборатория ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
1 / 2

Ноокат районунун Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда вирусологиялык лаборатория ачылды

2 / 2

Аталган лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын "COVID-19 учурунда чукул жардам көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган

Аталган лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын "COVID-19 учурунда чукул жардам көрсөтүү" долбоорунун алкагында курулган.
"Лаборатория ILAB маалымат системасына кошулду. Системанын артыкчылыгы — паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык системасы менен түзүлөт. Башкача айтканда, бейтаптын паспорттук маалыматтарын система өзү киргизет", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле кардар лабораторияга келбей эле ПЦР-анализинин жыйынтыгын басып чыгарып алса болот.
Министрликтин пикиринде, бул нерсе лабораторияга да, кардарга да ыңгайлуу. Кошумчалай кетсек, лаборатория "Мен COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине дагы туташтырылган.
Республика боюнча бардыгы болуп 10 жаңы ПЦР-лаборатория куруу пландалууда. Учурда алты лабораториянын курулушу аяктаган (Каракол, Талас, Ысык-Ата, Жайыл, Сокулук, Ноокат райондорунда). Келечекте бул лабораториялар коронавирустан тышкары сасык тумоо, кызамык, гепатит сыяктуу башка инфекцияларды дагы ПЦР аркылуу аныктайт деп күтүлүүдө.
Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу лабораториялар ачылды. Сүрөт