Кошумча нарк салыгы жана маалыматтык эсеп боюнча отчёт берүү мөөнөтү узарды

Бул нерсе өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында аткарылып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда салык боюнча бир катар отчётторду берүү мөөнөтү 1-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин тийиштүү токтому 24-июнда кабыл алынган.
Мөөнөтү узартылган отчёттор:
2022-жылдын 1-январынан тартып 30-майына чейинки отчёттук мезгил үчүн салык агенти тарабынан берилүүчү кошумча нарк салыгы боюнча отчёт;
2022-жыл үчүн мүлк салыгы (унаа, кыймылсыз мүлк) боюнча маалыматтык эсеп.
Бул нерсе өлкөнүн ишкерлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аткарылып жатканы айтылды.
ККМ колдонуу: салыктан бошотуу босогосун 16 млн. сомго көтөрүү каралууда