Арслан Койчиев Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун баш катчысына орун басар болду

Койчиев көп жыл бою BBC кыргыз кызматында баяндамачы болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Арслан Койчиев кыргыз тараптан Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Койчиев 2021-жылдын февраль айынан бери КР президентинин кеңешчиси болуп иштеп келген.
Ага чейин көп жыл бою BBC кыргыз кызматында баяндамачы болуп эмгектенген. "Мисмилдирик", "Айта бар менин кебимди" романдарынын автору.
Осмонов менен Султанбекова ТүркПА комиссиясынын жетекчилигине дайындалды