БИШКЕК, 29-июн. – Sputnik. Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан пансионаттардын биринде 15 жаштагы Н. у Ж. аттуу эркек бала сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Өспүрүмдү суудан төрт куткаруучу издеген. Түш оой анын сөөгүн алып чыгып, милицияга өткөрүп беришкен.