Радио

Балтабаев: жергиликтүү товарларды дүкөнгө чыгарууда тоскоолдуктар бар

Агрардык өнөр жай комплексинин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев "Ички соода жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы боюнча айтып берди.
Sputnik
Жергиликтүү ишкерлер соода түйүндөргө товарларын коюуда тоскоолдуктарга туш болууда. Ошондуктан ички соода жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул тууралуу Рустам Балтабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип макулдашуудан өтүп жатат.
"Ички соода жөнүндө маселе 2010-жылы, 2019-жылы да көтөрүлгөн. Буга чейинки чакырылыштын депутаттары аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду көтөрүп чыгышкан. Тилекке каршы, пандемиядан улам калып кеткен. Ассоциацияга көптөгөн жергиликтүү ишкерлер кайрылууда. Алар соода түйүндөргө товар коюуда бир катар тоскоолдуктарга туш болуп жатканын белгилеп жатышат. Алсак, соода түйүндөр ишкерлерден "ретро-бонус", маркетингдик кызмат үчүн товардын наркынан пайыз талап кылат. Ошондой эле ири соода түйүндөр жергиликтүү ишкерлердин товарларына 45 күндөн кийин акы төлөшөт. Ал аз келгенсип, товарга ашыкча тапшырык беришип, мөөнөтү өткөндө өтпөй калганын кайтарып коюшат. Мунун баары дыйкандарга, ишкерлерге, өндүрүшчүлөргө оорчулук жаратууда. Анткени импорттук товарларга мындай талаптар коюлбайт. Натыйжада жергиликтүү товар импорт менен атаандаша албай жатат", — деди Балтабаев.
Ошондой эле бул пайыздар жетиштүү деңгээлде азайса жергиликтүү өндүрүштөгү товарлар да арзандай турганын кошумчалады.