Депутаттар парламентте жалган сүйлөгөн аткаминерди жазалоону көздөп жатат

Эл өкүлү парламенттин ыйык трибунасында жоопкерчиликсиз аткаминерлер туура эмес маалыматтарды айтып жатышканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Парламентке келип жалган маалымат берген министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө чара колдонуу керек. Мындай норманы Жогорку Кеңештин жаңы регламентине киргизүүнү депутат Өмүрбек Бакиров сунуштады.
"Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин кызматкерлери депутаттарга жалган же туура эмес маалымат бергендиги үчүн сөгүш жарыялап же өкмөткө кандайдыр бир чара колдонууга сунуш беришибиз керек. Келип каалагандай сүйлөп кетсе болбойт да. Чара колдонуу нормасын регламентке киргизип койбойлубу", — деди Бакиров.
Жаңы регламентти иштеп чыккандардын бири Марлен Маматалиев аткаминерлер жооп таппай калса жазуу түрүндө берем деп кутулуп кетип жатканын белгилеп, сунушту колдой турганын билдирди.
Депутаттардын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн этика комиссиясын түзүү сунушталды