Бейшембиге карата аба ырайы

30-июнга чейин республиканын аймагында күн ысып, айрым облустарда күндүн табы 40 градуска чейин жетиши ыктымал. 30-июнга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бейшембиде Баткенде күн ачык болот. Калган облустардын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +33...+38, Ош аймагында +35...+40, Жалал-Абад, Баткен облустарында +36...+40, Талас жергесинде +31...+36, Ысык-Көлдө жана Нарында +26...+31 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +36...+38, Ошто +38...+40 жана Чолпон-Ата шаарында +26...+28 градуска жетет.
Аталыштар эскирди. БШК депутаты Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүүнү сунуштады