Япониядагы курулуш фирмасы тамды ташкындан сактап кала турган курулуш технологиясын көрсөттү. Бул туурасында Oddity Central басылмасы жазды.
Инженерлердин иштеп чыккан бул ыкмасы Япониядагы телешоулардын биринде көрсөтүлгөн.
Программанын алкагында алар суу ташкыны жаралган сымал кырдаал түзүп, үйдү анын үстүнө кое беришкен. Айлананы суу каптап улам көтөрүлө баштаган, анын үстүндө турган үй чөкпөстөн, тескерисинче, акырындап калкып чыга келген.
Ойлоп табуучулар тамдын катуу темир аркылуу жер менен байланышта экендигин, ал кырсык каптаган учурда да ордунда кала берерин түшүндүрүшкөн. Андан сырткары, атайын тростор бөлмөгө суу кирбегендей кылып үйдү көтөрүп турарын айткан. Муну менен катар эле сыноо жүргүзүлгөн үйдө чөгүп кетүү кооптуулугу жаралганда жабылып кала турган аба кирген тешикчелер орнотулган. Атайын клапандар да суунун ичке карай киришине тоскоол болорун түшүндүрүшкөн.
Мындай үйдүн баасы 570 миң доллар. Курулуш компаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, бул асмандаган деле баа эмес, себеби коопсуздуктан кымбат эч нерсе жок.