Стоматологго ким канча убакытта бир баш багышы керек? Видеокеңеш

Тиш менен бүйлөдө көйгөйлөр болсо стоматологияга төрт айда бир баруу зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Тиш дарыгерине канча убакытта бир баруу керек экендигин стоматолог-терапевт Асира Джанузакова айтып берди.
Ал тишинде көйгөйү жок адам деле жылына бир ирет көрүнүп коюшу керектигин билдирди.
"Тиштеринин бардыгы күрүчтөй таза, жадагалса бүйлөсүндө да оорусу жоктор бир жылда бир келип көрүнүп туруусу керек. Анткени бир жылдын ичинде көп өзгөрүүлөр болуп кетет. Анча-мынча көйгөйү бар адамдар алты айда бир келип көрүнүшү керек. Тиш менен бүйлө ооруса төрт айда бир көрүнүшү зарыл", — деди дарыгер.
Стоматолог тиши сынып же пломбасы түшүп калгандарды дароо медициналык жайга келүүгө чакырды. Анткени тиш толугу менен жарабай калса башка татаал ыкмаларды колдонууга туура келет.
Тиш эмнеге саргаят жана аны агартуу керекпи? Дарыгердин жообу