Чолпон-Атада "Шериктештик балдары" аттуу эл аралык маданий форум өтүүдө

Форум ишин 5-июлга чейин улантмакчы, ага Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын окуучулары катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында "Шериктештик балдары" деп аталган VII эл аралык маданий форум өтүп жатканын өкүлдөр айтышты.
Биринчи күн ыктыярчылардын долбоорлорун коргоо боюнча мастер-класс менен башталды. КМШ өлкөлөрүнөн келген балдар интернационалдык топторду түзүп, ар бирине ар кайсы тармак боюнча долбоор түзүү тапшырылган. Окуучулар экологиялык, социалдык, патриоттук, гуманитардык жана маалыматтык багытта долбоорлорду даярдашкан. Алардын арасында таштандыны кайра иштеп чыга турган өнөр жай куруу, кары-картаңдарга жардам берүү, эстеликтерди калыбына келтирүү, ири эл аралык иш-чараларды коштоо, волонтёрдук демилгелерди медиа тармагында илгерилетүү долбоорлору болду.
Чолпон-Ата шаарында "Шериктештик балдары" деп аталган VII эл аралык маданий форум өтүп жатканын өкүлдөр айтышты
Бүгүн Чолпон-Атада бий боюнча флешмоб жана пляж эстафетасы өттү.
Форум ишин 5-июлга чейин улантмакчы, ага Кыргызстан, Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова жана Өзбекстандын окуучулары катышып жатат.
Иш-чараны КМШнын Гуманитардык кызматташуу боюнча эл аралык фондунун колдоосу менен КМШнын Парламенттик ассамблеясы жана Жогорку Кеңеш уюштурууда.
Алдыңкы үч орун Бишкекте. ЖРТдан эң көп балл алган 57 бүтүрүүчүнүн тизмеси