Чек бербей жатат. "Салык чек" лотереясына катышкандардан 4,7 миң даттануу түштү

Көпчүлүгү кассалык чектин берилбегендигине жана ККМдин жоктугуна арызданган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы расмий ишке киргенден тартып (10-майдан бери), ага катышкан "Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу 4 739 даттануу келип түштү. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.
Көпчүлүк даттануулар кассалык чектин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле тиркеменин иштеши (чектерди иштеп чыгуу жана билеттерди берүү) тууралуу болгон.
"Түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 927 даттануу иштелип чыкты. 212 субъектиге ККМ колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айып салынды. Даттануулардын калган бөлүгү кассалык чек бербеген субъектинин дарегин же аталышын көрсөтпөгөндүгүнө, ошондой эле темадан тышкары кайрылууларга байланыштуу каралган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "Салык чек" лотереясына 58 700 адам катышууда. Аларга 2,9 миллион электрондук лотереялык билеттер (ID-номер) ыйгарылды. Мунун жардамы менен 3 миллиард сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөн.
Биринчи утуш 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында ойнотулат, анда көрүүчүлөр шаңдуу концертке жана кызыктуу шоу-программага күбө болушат. Алгачкы турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүн.
"Салык чек" Кыргызстанда эң көп колдонулган 4 тиркеменин катарына кирди