Россия учкучсуз чабуулчу тик учактарын чыгарууну пландоодо

"Вертолеты России" холдинги чыгаруучу техника көп функционалдуу, чалгындоочу жана сокку уруучу аппарат болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Россия душмандын жумушчу күчүн жана сооттолгон жеңил техникасын жок кылуу үчүн 750 килограмм салмактагы чабуулчу тик учактарды чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын аскер-өнөр жай комплексинен билдиришти.
"Вертолеты России" холдинги 750 килограммдык учкучсуз учуучу аппараттарды чыгарганы жатат. Бул — көп функционалдуу, чалгындоочу жана сокку уруучу аппарат. Аны душмандын жеке курамын, сооттолгон жеңил техникасын жана башка буталарды издөө, жок кылуу үчүн колдонсо болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Пилотсуз учактар тармагындагы аскер эксперти Денис Федутинов белгилегендей, бүгүнкү күндө Россияда курал-жарак комплекси камтылган сериялык чабуулчу тик учактар жок жана мындай машина, мисалы, эксплуатациялоодо, өзгөчө шаарларда иштөөдө пайдалуу болмок.
"Кургактыктагы тапшырмаларды аткаруудан тышкары мындай тик учактар Аскер-деңиз флотунда деңиздеги буталарга ыкчам сокку урууда дагы колдонулушу мүмкүн", — деди Федутинов.
Анын айтымында, жаңы техникага Россияда Aeromax компаниясынын SH-750 учкучсуз учагы атаандаш болушу ыктымал. Ал HeliRussia 2022 көргөзмөсүндө коомчулукка биринчи жолу көрсөтүлгөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россия Батыштын куралын Киев кандай колдонуп жатканына көз салууда