Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Песков: Россиянын Украинадагы атайын операциясы максатына жетүүдө

РФ президентинин маалымат катчысы атайын операция качан бүтөрү белгисиз экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Россиянын Украинадагы атайын операциясы план боюнча жүрүп, максаттарына жетип жатканын РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Атайын операция план боюнча жүрүп жатат жана максаттарына жетүүдө", — деди Песков журналисттерге.
Ал атайын операциянын аякташынын болжолдуу мөөнөтү жок экенин кошумчалады.
Эске салсак, Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Байден антироссиялык санкциялар АКШга сокку урганын моюндады