Нарын шаарында шырдак боюнча эл аралык фестиваль өтүп жатат. Сүрөт

Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимди жандандыруу экендигин айтышты.
Sputnik
НАРЫН, 28-июн. — Sputnik. Бүгүн Нарын шаарында салтка айланган Эл аралык "Кыргыз шырдагы-XII" фестивалы болуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 4

Бүгүн Нарын шаарында салтка айланган Эл аралык "Кыргыз шырдагы-XII" фестивалы болуп жатат

2 / 4

Белгилүү болгондой, маданий иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана Нарын облусунан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр катышууда

3 / 4

Фестивалдын алкагында "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары "Кыргыз шырдагынын" тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери болууда

4 / 4

Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо, салттуу билимди жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү

Белгилүү болгондой, маданий иш-чарага республиканын бардык аймактарынан жана Нарын облусунан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр катышууда. Фестивалдын алкагында "Мыкты шырдак", "Мурас шырдак" кароо-сынактары "Кыргыз шырдагынын" тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери болууда.
Фестивалдын максаты — маданий мурастарды сактоо, салттуу билимди жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү. Аны менен катар эле Кыргызстанды экологиялык, маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.
Фестивалдын ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен башталды.
Радио
Сокеева: кыргызда элечектен кайсы уруунун келини экенин билишчү