Кыргызстандын НАТОдогу жана Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү иштен кетти

Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Муктар Жумалиев Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Жумалиев мындан тышкары Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерланддардагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Европа биримдигиндеги, Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмундагы (ХКТУ), Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) Туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.
Теги кыргызстандык Айсулуу Сеулдун шаардык кеңешине депутат болду