Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун алдын ала каттамы белгилүү болду

Бул долбоор тынымсыз өнүгүп жаткан Кытай менен Азияны, андан ары Европаны байланыштырат деп күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кыргызстандын кайсы аймактары аркылуу өтөрүн транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев айтып берди. Ал министрлер кабинетинин жыйынына катышкан.
Министр Торугарт — Макмал — Жалал-Абад каттамын бойлой түшө турган жолдун курулушунун алдын ала багытын белгиледи. Долбоордун тиешелүү техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ушул жылдын декабрь айында аяктамакчы.
Жолугушуунун жүрүшүндө башка инфраструктуралык долбоорлорду куруу маселелери да талкууланды.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров темир жолду куруу өзгөчө долбоор экенин билдирди.
"Аталган темир жолдун курулушу уникалдуу долбоор, аны ишке ашырууга биз өзгөчө артыкчылык беребиз. Профилдик органдар даярдык иштерин өз убагында жүргүзүүсү зарыл", — деди Жапаров.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу — келечектүү долбоор. Ал тынымсыз өнүгүп жаткан Кытай менен Азияны, андан ары Европаны байланыштырат деп күтүлүүдө.
Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу. Жапаров ишке ашпай жаткан себебин айтты