Кыргызстан гигиеналык каражаттарды кайсы өлкөдөн сатып алат. Тизме

Импорттук товарлардын басымдуу бөлүгүн Россия ээлейт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанга жеке гигиеналык каражаттар каяктан алып келинери тууралуу маалымат чыгарды.
Ага ылайык, шампунь Россия, Казакстан, Корея жана Түркиядан импорттолот. Ал эми тиш жуучу пасталар Россия, Казакстан, Словакиядан келет. Дезодоранттар менен антиперспиранттар Россия, Казакстан, Польша, Ирландия жана Германиядан, самын Россия, Түркия жана Өзбекстандан жөнөтүлөт.
Гигиеналык каражаттарды алып келүү пайыздык көрсөткүч менен төмөнкүдөй:
Шампунь
Россия — 42 пайыз;
Казакстан — 36;
Корея — 6;
Түркия — 6;
башка өлкөлөр — 10.
Тиш жуучу паста
Россия — 64 пайыз;
Казакстан — 9;
Словакия — 7;
Венгрия — 6;
башка өлкөлөр — 14.
Дезодоранттар
Россия — 51 пайыз;
Казакстан — 25;
Польша — 10;
Ирландия — 5;
Германия — 4;
башка өлкөлөр — 5.
Кир самын
Россия — 58 пайыз;
Түркия — 17;
Өзбекстан — 13;
башка өлкөлөр — 12.
Кыргызстандыктар Россиядан канча товар алышат. Видео