Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кремль: Зеленский кааласа атайын операцияны бир күндө токтото алат

Владимир Зеленский G7 саммитинде биримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлерине кыш башталганга чейин согуштук аракеттерди токтотууга үмүт артып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Украина бийлиги аскерлерге куралын таштоого буйрук берип, Россиянын шартын аткаруу менен өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди бир күндүн ичинде токтото алат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берип Sputnik радиосу жазды.
Кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленский G7 саммитинде биримдиктеги өлкөлөрдүн лидерлерине кыш башталганга чейин согуштук аракеттерди токтотууга үмүт артып жатканын айткан.
"Украина тарап кааласа бардыгын бүгүн эле токтотуп коё алат. Бизге Украина бийлигинин улутчул бөлүктөрдүн куралын таштоо буйругу керек. Россиянын шарттары ушундай", — деди Песков.
Эске салсак, Россия Украинада атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган. Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, орус армиясы Украинанын күжүрмөн потенциалын буга чейин эле бир топ кыскарткан. Атайын операциянын негизги максаты Донбассты бошотуу деп аталды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Песков: Россиянын Украинадагы атайын операциясы максатына жетүүдө