Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Франция Украинага ок өтпөс техника жөнөтөт

РФтин тышкы иштер ведомствосу Украинага курал жеткирген НАТО мамлекеттери от менен ойноп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 28 июн — Sputnik. Франциянын куралдуу күчтөр министри Себастьян Лекорню Париж Украинага ок өтпөс аскердик техника берүүнү ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Каршылаштардын жоокерлери жүргөн аймактарда кыймыл тез болушу үчүн ок өтпөс техника керек. Франция Украинага зооттолгон транспортторду берет", — деди Лекорню.
Министрдин айтымында, Украина Франциядан кемеден коргонуучу Exocet ракеталарын дагы сурап жатат. Лекорню мындай ракета берүү маселеси учурда талкууланып жатканын кошумчалады.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон 16-июнь күнү Киевге барганда Париж Украинага дагы алты даана 155 миллиметрлик артиллериялык CAESAR орнотмолорун бере турганын билдирген. Буга чейин 12 даанасы жеткирилген.
Россия Украинага курал жеткирилип жатканы боюнча НАТО мамлекеттерине нота жиберген. ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Киевге келип жаткан курал-жарактын баары Россиянын бутасы экенин белгилеген. Ошондой эле РФтин Тышкы иштер ведомствосу Украинага курал жеткирген НАТО мамлекеттери от менен ойноп жатканын айткан. Ал эми РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Батыштын Украинаны курал менен камсыздоосу Россия — Украина сүйлөшүүлөрүнө терс таасир этерин белгилеген.
Медведев Россия Калининград боюнча Литвага кандай жооп берерин айтты