Радио

Баясов: үчүнчү ирет чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү 1 млрд. доллардан ашты

Президентке караштуу инвестиция боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов 2021-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 87,7 пайызга көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Чет өлкөлүк тикелей инвестициянын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,8 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Нурадил Баясов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет өлкөлүк түз инвестициянын көбү кайра иштетүү, кен казуу, финансылык ортомчулук, дүң жана чекене соодага туура келет.
"Кыргызстанда үчүнчү ирет чет өлкөдөн келген түз инвестициянын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты. Бул өлкөдө жүргүзүлүп жаткан жалпы саясаттын жыйынтыгы деп айтууга болот. Президент, министрлер кабинети тарабынан да инвесторлорду тартуу, тиешелүү шарт түзүп, абалды жөнгө салуу жагында жакшы колдоо болуп жатат. 2021-жылы түз чет өлкөлүк инвестициянын көлөмү 87,7 пайызга көбөйүп, кайра иштетүү, кен казуу, финансылык ортомчулук, дүң жана чекене соода тармактарына каражат салынган. Ал эми тике чет өлкөлүк инвестициянын чыгып кетүү агымы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40,8 пайызга кыскарды. Буга чейин пандемиянын шартында Кыргызстандан чыккан инвестиция өлкөгө кирген каражаттын көлөмүнөн ашып кеткен эле", — деди Баясов.
Ошондой эле адис Кыргызстанда инвесторлордун коопсуз иш алып баруусуна, жакшы шартта бизнесин өнүктүрүүгө жардам көрсөтүлүп, кепилдик берилерин кошумчалады.